super.kg logo

Бир жума бою ыйлап, дүйнөлүк рекорд коюуну каалаган адам сокур болуп кала жаздады (видео)

 

Бир жума бою ыйлап, дүйнөлүк рекорд жаратууну каалаган адам сокур болуп кала жаздады. Бул тууралуу Daily Star басылмасы билдирди.

Тембу Эбере аттуу нигериялык жаран 2 саат 7 мүнөт бою ыйлаган видеосун интернетке жүктөгөн. Көп өтпөй видео социалдык тармактарда 5,3 миллион жолу көрүлгөн.

"Мага көйгөйлөрүңүздү жөнөтүңүз, мен сиз үчүн ыйлайм" деп жазган Эбере видеонун алдына.

Ошондой эле видеодо Эбере бир жума бою ыйлоого жана муну менен ал "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылганын айткан. Бирок көп өтпөй анын башы ооруп, көзү шишип кеткен жана көрбөй калган.

Азырынча анын убактылуу көрбөй калганынын негизги себеби айтыла элек, бирок баш оору менен көздүн басымынын жогорулашы себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Маалым болгондой, Эбере ыйлап рекорд коюудан мурун "Гиннесстин рекорддор китебине" расмий түрдө арыз берген эмес, ошондуктан анын аракети уюм тарабынан таанылбайт.

"Көңүл калбаш үчүн сиз жасай турган нерсе жарактуу рекорд экенине жана эрежелерди биле турганыңызды тактап алуу керек болчу" деп билдирген "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлү.

Эске салсак, буга чейин Нигерияда "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн 200 саат ырдап, 50 саат массаж жасаган жана 100 саат бою тамак жасаган учурлар катталган. Айрым басылмалардын маалыматына караганда, аталган өлкөнүн жарандары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн ар кандай иш-аракеттерди жасап жатышат.






Бир жума бою ыйлап, дүйнөлүк рекорд коюуну каалаган адам сокур болуп кала жаздады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: