super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевди туулган күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толугу менен уланып жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Шавкат Мирзийоев жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, аймактык күн тартибин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: