super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго берилүүчү кенемте 12 эсе азайды. Мыйзамга президент кол койду

 
Прокуратура кызматкерлери кызмат учурунда каза таап же майып болуп калса төлөнүүчү кенемтенин суммасы 12 эсеге азайтылды. Тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн, 24-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Аталган конституциялык мыйзам 29-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ага ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
- прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып көз жумса, үй-бүлөсүнө анын акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 20 орточо айлык маянасынын өлчөмүндө бир жолку кенемте пул төлөнөт (буга чейин 20 жылдык маянасы берилчү);
- I топтогу майып болуп калса - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 10 орточо айлык эмгек акы (буга чейин 10 жылдык маяна);
- II топтогу майып болуп калса - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 8 орточо айлык эмгек акы (буга чейин 8 жылдык маяна);
- III топтогу майып болуп калса - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 5 орточо айлык эмгек акы (буга чейин 5 жылдык маяна).

Долбоор сунушталып жатканда финансы министри Алмаз Бакетаев мыйзам күчүнө кирсе орто эсеп менен 1,5 миллион сом төлөнүп каларын айткан.

Эске салсак, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында депутаттар каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулдун суммасына таң калышкан. Анда мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилери жана ал болжол менен 21 миллион сомду түзөрү айтылган.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жана бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 74-беренесине таянып жооп берген. Анда кызмат өтөө учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорго эле эмес, бардык укук коргоо органдарына, тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленген.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: