super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Салттуу жаа атуу боюнча курама команданын мүчөлөрү аныкталды (тизме)

 

Бүгүн, 24-июлда “Эмгек резерви” дене тарбия жана спорт борборунда салбуурундун жаа атуу түрү боюнча Кыргызстандын курама командасына тандоо мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка караганда, ага өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген жаачылар жана спорт сүйүүчүлөрү катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле, салбуурун боюнча курама команданын мүчөлөрү аныкталды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:
1-орун – Ынтымак Мурадил уулу;
2-орун – Рустам Ногойбаев;
3-орун – Шарабидин Сапаралиев;
3-орун – Искендер Рустамов.

Кыз-келиндер арасында:
1-орун – Асель Садырова ;
2-орун – Седеп Төрөгелдиева;
3-орун – Сюита Айбек кызы;
3-орун – Сапаргүл Бердалиева.

Белгилей кетсек, аталган иш чара Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр алдыда өтө турган эл аралык мелдештерге катышууга жолдомо алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: