"6 миллион сомдук иш аткарылды". Токтогулдун Ничке-Сай айылындагы көпүрөгө канча каражат каралганы айтылды
Буга чейин порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө тургундар Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылындагы "Бексултан" көпүрөсүндө чоң жарака пайда болгонун, ал урап калуу коркунучунда экендигин кабарлаган.
Буга байланыштуу 21-июлда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын башчысы Нурсултан Матисаков аталган аймакта жаңы көпүрө курула турганын, азырынча ага 22 миң 500 сом бөлүнгөнүн айткан. Бирок убагында ал каражатка кандай жумуштар аткарыларын, буга чейин көпүрөнүн курулушуна канча сом бөлүнгөн деген суроолорубузду жоопсуз калтырган болчу. Мындан улам айыл тургундарында суроо жаралып, кайрадан биздин порталга кайрылышкан.
Маалыматты тактоо иретинде бүгүн, 26-июлда Нурсултан Матисаковго байланышканыбызда, ал көпүрөнүн курулушунун сметалык баасы 22 миллион 500 миң сомго бааланганын, бүгүнкү күнгө чейин 6 миллион сомдук иш аткарылганын билдирди.
"Бул көпүрө Үч-Терек - Өзгөрүш унаа жолунда жайгашкан, 1970-жылдары курулуптур. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан ал эскилиги жеткен көпүрөнүн жанына жаңы көпүрө куруу чечими чыккан. Буга чейин ишти Жалал-Абад курулуш башкармалыгы кылып келсе, азыр жол курулуш башкармасына өттү. Кечээ подряддык уюмдан барып, 2-3 күн ичинде курулуш иштерин баштайбыз дешти. Азыркы тапта 2 миллион сом бөлүндү.
Негизи бизге чейин эле көпүрөнүн тиешелүү документтери даярдалып, бирок каражаттын жоктугунан иш токтоп калыптыр", - деди Матисаков.
Фото: Окурман
Ничке-Сай айылындагы көпүрө


