Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты - 0,5714 гектар.
"Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда котлованды казуу иштери жүрүп жатат.
Бишкекте Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















