Жумгалдагы Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды
Бүгүн, 1-августта Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Урандын калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоо иштерин Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте алып барууда.
Адистердин маалыматы боюнча, Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан учурда кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















