Ошто курулуп жаткан көпүрө урап түштү. Мэрия үн катты
Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөк урап түштү. Окуя тартылган видео бүгүн, 5-августта социалдык тармактарга тарады.
Бул окуядан кийин Ош шаардык мэриясы үн катып, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калгандыгын билдирди.
"Жөө өтмөк кулап түштү, көпүрө кулады деген маалыматтар тарап жатат. Өтмөктүн бетон куйган тарабы турат. Эч нерсе болгон жок. Азыр айтылып жаткан жер бетон куюу учурунда бир бөлүкчөсүндө техникалык мүчүлүштүк болуп, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калган. Өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес", – деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алган.
Эске сала кетсек, Масалиев жана Новои көчөлөрүнүн кесилишине салынып жаткан көпүрөнүн курулушу ушул жылдын май айында башталган. Анын сметалык баасы 45 миллион 297 миң сом деп белгиленген. Тендерди “Сапат курулуш ЛТД” компаниясы утуп алган.
Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөк урап түштү
