Бишкектин райондорунун биринде таза суу өчүрүлөт
Бишкектин айрым көчөлөрүндө 9-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта шаардык мэриядан кабарлашты.Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы Жайыл Баатыр көчөсү - Садырбаев көчөсү - Абдрахманов көчөсү - Шералиев көчөсү менен чектешет.
"Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 миллиметр болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 миллиметр болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















