Түптөгү дагы үч айылда сел жүрдү
Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Алдын ала маалымат боюнча саат 16:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.
Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.
Министрлик жериндеги абалдан кошумча маалымат берилерин билдирди.
Буга чейин Түптүн Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















