Садыр Жапаров "Үрөн жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
Бүгүн, 9-августта президент Садыр Жапаров "Үрөн жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.
Белгиленгендей, мыйзам ушул жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы №26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган. Ошол эле учурда министрлер кабинети тарабынан өлкө аймагына үрөндөрдү алып келүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле редакциялык-тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















