Маалымдалгандай, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана округдун участкалык шайлоо комиссияларына Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, уюштуруу маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.
Ага ылайык, райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ар бир шайлоо участкасында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана башка маселелер талкууланды.
"Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайрадан шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт.
Бишкектин Ленин районунда шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү
Бишкектин Ленин районунда Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы астында шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















