Ошто сүрөтчүлөрдүн сынагы өтөт
Ош шаарында сүрөтчүлөрдүн сынагы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.Ага ылайык, "Урааным Манас" аталышындагы сүрөтчүлөр арасында сынак жарыяланды.
Сынак ушул жылдын 8-сентябрь күнү башталып, ага 18 жаштан жогорку курактагы каалаган сүрөтчүлөр катышса болору айтылат. Шарт боюнча сүрөт сынак күнү тартылып, ошол күнү жеринде жыйынтыкталат.
"Сынактын шарттары:
- Конкурска катышуучулардын жашы 18ден жогору болуусу керек жана категорияга бөлүнбөйт;
- Катышуучулар сынак күнү өздөрүнүн инструменттерин (боёк, калем ж.б.) алып келип сүрөт тартышат;
- Ар бир автор бирден гана сүрөт тартууга укуктуу;
- Сүрөттүн өлчөмү А2 форматта (торшон кагазы берилет), каалаган стилде жана техникада иштесе болот (живопись, графика);
- Тематикага туура келбеген сүрөттөр каралбайт;
- Конкурста тартылган сүрөттөр уюштуруучуларда калтырылат;
- Тартылган сүрөттүн арткы тарабына катышуучу аты-жөнүн калтыруу абзел", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланары кабарланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















