super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Кыргыз-өзбек ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду

 

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Төрага Акылбек Жапаров ушул жылдын биринчи жарымында 50дөн ашуун өз ара сапарлардын жана биргелешкен иш-чаралардын болуп өткөнүн, бул эки тараптуу мамилелердин позитивдүү өсүшүнөн кабар берерин билдирди.

2023-жылдын 5 айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3 пайызга өсүп, ал 215 миллион 800 миң долларды түзгөн. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканы айтылат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Өзбекстандагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү өз ишин баштады. Эки мамлекет биргелешип автомобиль жана коммерциялык техникаларды чыгара турган объекттин курулушуна капсула салды. Мындан тышкары, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү, кичи жана орто гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилегим келет”, - деди Жапаров.

Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында эки тараптуу кызматташуунун оң тажрыйбасы бар.

Учурда “Кытай -Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол линиясын куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканы маалымдалат. Ошондой эле “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргелешип куруу долбоору боюнча дагы иштер жүрүп жатканы белгиленди.

Жыйындын соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: