Бишкектин Ленин районунда таң эрте турак үйдөн өрт чыкты
Бүгүн, 18-августта таң эрте Бишкек шаарынын Ленин районундагы Муромская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 7:17де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, андан соң Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Саат 7:41де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1, саат 7:44тө штаб жөнөтүлгөн.
Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 8:13тө чектөөгө алынды", - деп жазылат анда.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















