Кыргызстандыктар 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат
Кыргызстандыктар эртең, 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 20-августта күчүнө кирет.
"Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын – паспортторунун бардык типтеринин ээлери (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттору) 30 күнгө чейин эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















