Акылбек Жапаров Кытайга таза сууну экспорттоону сунуштады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd компаниясынын төрагасы Ван Да менен жолугушту.Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар бардык тармакта кызматташууну талкуулашкан. Анда Жапаров өлкөнүн суу ресурстарынын толук пайдаланылбай жатканын белгилеп, Кыргызстан экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даяр экенин жана бул үчүн Laoshan өңдүү компаниялардын тажрыйбасы керек экенин айткан.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, суу жана суусундуктарды өндүрүү менен алектенген Laoshan ичүүчү сууну экспорттоого кызыкдар экенин билдирген.
Ошондой эле Акылбек Жапаров СУАРга болгон сапарынын соңунда Үрүмчү шаарындагы эркин экономикалык аймагына барып, электрондук соода ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















