Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза тапты
Бүгүн, 21-августта Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, окуя борбор калаанын Октябрь районунда катталган. Анда көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында жарылуу болуп, өрт чыккан.
"3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлдү"-, деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына караганда, кырсыктан 1 адам каза тапкан. Ал эми жабыркагандардын саны такталып жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















