Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Ага ылайык, 25-августта Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 255-чакырымында болжолдуу 5 миң куб (Казарман-Жумгал автоунаа жолунун 45-чакырымы) таш кулап, жолду тосуп калган.
Тогуз-Торо районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө саат 03:15 чамасында жолдо жарандар калып калды деген маалымат түшкөн.
"Аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдан 3 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, Макмал алтын комбинатынан айдоочу тартылып, кырсык катталган аймакта 60 жаран эвакувацияланды.
Жеринде ЖТК-18 мекемесинен 3 техника жол тазалоо боюнча иш алып барууда", - деп жазылат анда.
Жабыр тарткандар жок экени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















