ЖККУнун Беларустагы машыгуусуна Кыргызстан да катышууда
Беларустун Брест шаарында ЖККУнун "Күжүрмөн боордоштук — 2023" деп аталган окуу-машыгуусу башталды. Ага Кыргызстан да катышып жатат. Бул туурасында өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингентистратегиялык-оперативдик машыгууга катышуу үчүн Беларуска 27-августта барган.
Машыгууга Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстан катышууда.
Иш-чара 6-сентябрга чейин уланат. Ага жалпысынан 2,5 миң аскер кызматкери, 500дөн ашуун курал-жарак жана аскердик атайын техника тартылды.
Генерал-майор Андрей Матиевичтин жетекчилиги алдында "Өз ара аракеттенүү — 2023", "Издөө — 2023", "Эшелон — 2023", "Барьер — 2023" окуулары өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















