Чүй облусунда жаңы изоляцияланган электр чубалгылары тартылууда
Чүй облусунда жаңы СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылары тартылууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй электр тармактар ишканасында 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо иштеринин алкагында Аламүдүн жана Сокулук райондорунда жаңы СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын тартуу иштери кызуу жүрүп жатат.
"Бул жылы Чүй электр тармактар ишканасында реконструкциялоо алкагында 92 чакырым СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын куруу пландаштырылган болсо, бүгүнкү күндө 85 чакырым СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылары толук курулуп бүттү.
Оңдоп-түзөө иштери аяктаганча калган 7 чакырым изоляцияланган аба чубалгылары тартылып бүтөт.
Мындан тышкары электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо иштеринин алкагында 10 даана 110/35 киловатт трансформатордук көмөкчордон, 500/220/35 киловатт “Фрунзе” көмөкчордонунда реактор алмашылды", - деп жазылат анда.
Изоляцияланган аба чубалгыларынын салмагы жеңил, кышында кар жабышууга туруктуу, суукта тоңбойт жана катуу шамалда электр мамыларына күч келбейт. Аталган аба чубалгыларынын дагы бир артыкчылыгы - оңдоо иштеринде оңой, тейлөө иштеринде коопсуз экени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















