Китеп көйгөйү. Басмаканадан 136 миңден ашуун китеп чыкты
“Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Бүгүн окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталат.
Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 миллион сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 миллион 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















