Бүгүнкүгө карата аба ырайы
Бүгүн, 11-сентябрь күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күн күркүрөп жаан жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында +32…+37 градус болсо,
Талас жергесинде +29…+34 даражага чейин жетет.
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында +32…+37,
Ысык-Көл өрөөнүндө +22…+27 градус,
Нарын облусунда +24…+29 даража жылуу болушу күтүлөт.
Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +35…+37 градус жылуу болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















