super.kg logo
  Саясат  

Президент өлкөдөгү тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

 

Кыргызстанда 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Конституциянын 71-беренесине ылайык өлкөдө 2023-2027-жылдар мезгили тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды.

Буга байланыштуу тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, Нурлан Айтмурзаев бул боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: