Чоң-Алайда күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө
Чоң-Алай райондук электр тармагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, учурда Чоң-Алай РЭТинин Дароот бөлүмүндө катардагы оңдоп-түзөө иштери боюнча электр мамычаларын, аба чубалгыларын жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө.
"Капиталдык ремонттун негизинде Жекенди айыл өкмөтүндө 9 чакырым аба чубалгысы курулуп, ошондой эле ушул айдын башынан бери Кашка-Суу бөлүмүнө 2 кошумча көмөкчордон коюлуп, ишке кирүү алдында турат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Чоң-Алайда жалпы 4 миң 965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар. Учурда Чоң-Алай РЭТинде авариялык кырдаалдар дээрлик көп кездешпейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















