super.kg logo
  Саясат  

Маматалиев: "Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк дароо берилбегендиктен жакындары 40 миң сомго көр сатып алууда"

 

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, азыркы тапта адам каза тапкан учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу түмөн түйшүк жаратып, атүгүл коррупциялык иштер да орун алат.

"Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу өзүнчө бир тозок. Күбөлүк албаса, сөөк коюуга жер да берилбейт, каражат да бөлүнбөйт. Күбөлүк алыш үчүн мыйзам боюнча аны кестириш керек. Бирок иш жүзүндө акчасы барлар акча берип, сөөктү экспертизадан өткөрбөй эле алып кетишет, акчасы жоктор 5-6 күн күтүүгө аргасыз. Жарандар сөөк коюлгандан кийин да справка ала албай жүргөн учурлар да бар. Ал эми күбөлүк жок болсо жерди да сатып алууга туура келет. Бул экинчи чоң көйгөй. Кээде көр үчүн жерлерди 40 миң сомго чейин саткан учурлар да жок эмес", - деди Маматалиев.

Эл өкүлү жаран каза тапкан учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү дароо берүү керектигин айтып, бул маркумду узатуу ишиндеги коррупциялык иштерге бөгөт коёрун белгиледи.

Мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алуу менен жана маркумдун өзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык өлгөн адамды көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин, аны жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, өлкөдө маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.






Жогорку Кеңеш 25.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: