Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду
Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Анын ордуна ким дайындалганы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.
Эскерте кетсек, Жумаев бул кызматкы ушул жылдын май айында дайындалган болчу. Ага чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

