Баткенде тажик жараны баңгизат менен кармалып, ага карата кылмыш иши козголду
ИИМ билдиргендей, 8-декабрь күнү Баткен облусунун Лейлек РИИБинин кызматкерлери атайын ыкчам издөө иш-чарасын уюштуруп, жыйынтыгында Лейлек районундагы Арка айылынан Тажикстандын жараны 1 килограмм баңгизаты менен кармалды. Текшерүү маалында аталган жарандын баштыгынан 1,35 килограмм героин заты табылган. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.