Бүгүн "Унаа" мекемесинин Ош шаардык бөлүмү убактылуу иштебейт

Бүгүн, 28-сентябрда "Унаа" мекемесинин Ош шаардык бөлүмү убактылуу иштебейт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, жогоруда аталган бөлүмдүн убактылуу иштебеши электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу. Бул күнү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Ош шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.
Ошондуктан мекеме Ош шаарындагы башка "Унаа" бөлүмдөрүнө кайрылууну суранат:
- Ош регионалдык бөлүм, Ош ш., Навои көч., 2А дарегинде жайгашкан, байланыш телефону — 03222 5-65-80;
- Ош-2 сектору, Ош ш., Көкүм-бия көч., 168 дарегинде жайгашкан (“Жапалак” унаа базарынын аймагында жайгашкан).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















