Ишемби күнгө карата аба ырайы

Эртең, 30-сентябрда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23 градус болсо,
Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22 даражага чейин жылыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17 болсо,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14 болот.
Борбор калаа Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















