Коргоо министри Тула шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин кезектеги жыйынына катышты
29-сентябрда Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Орусиянын Тула шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жыйында коргоо ведомстволорунун башчылары дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана КМШнын жоопкерчилик зонасындагы учурдагы чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө мындан аркы чаралар боюнча пикир алмашышты.
Ага ылайык, жыйындын катышуучулары Шериктештик форматындагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу маселелерин, анын ичинде КМШнын абадан коргонуунун бириккен тутумун өнүктүрүү, аскер кадрларын биргелешип даярдоо жана бөлүкчөлөрдүн талаа машыгуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды талкуулашты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 2024-жылга карата Иш планы бекитилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















