Министрлик энеси сатып жиберген балдардын абалы боюнча маалымат берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Сокулук районунда энеси сатып жиберген балдардын абалы боюнча маалымат беришти.Маалыматка караганда, учурда балдар багып алган ата-энесинин жанында.
"Балдар расмий түрдө багып алынды. Учурда алар багып алган ата-энелеринин жанында. 2023-жылы төрөлгөн кичүү кызынан энеси төрөт үйүнөн эле баш тарткан. Анын 2020-жылкы төртүнчү баласы дагы бар. Ал чоң энеси менен жашап жатат. Тергөө иштери толук бүткөндөн кийин балдардын тагдыры чечилет", - деп маалымдашты министрликтен.
Эске салсак, буга чейин Сокулук районунда аял өзүнүн балдарын сатып жибергенге шектелип кармалганы кабарланган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















