super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам ушул жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана стимулдаштырууга багытталган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин максаттары, түптөөнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери такталган, ошондой эле кошумча функциялар берилген. Ушуга байланыштуу Мыйзам менен КР Граждандык кодексине, “КР Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” жана “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: