Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миң чабагы коё берилди (видео)
Ысык-Көл сазан балыктарынын чабактары менен балыктандырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.Орточо салмагы 7-8 граммга жеткен сазан балыктарынын чабактарын коё берүү, Тоң районунун Тоң дарыясына, Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл көлүнүн "Тынч булуң" тилкесинде, Кызыл-Суу айылындагы пристандарда, Каракол шаарындагы пристандарда жана Түп районундагы Кутургу булуңунда жүргүзүлдү.
"Сазан балыктарынын чабактарын коё берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү, өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактарын балыктын личинкасы менен балыктандыруу аткарылган", - деп жазылат билдирүүдө.
Коё берилген чабактардын жалпы саны 90 миңди түзөт.
Ысык-Көлгө сазан балыгынын чабактары коё берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















