Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортунда АКШнын аскердик базасы жайгашканы кооптуу экенин айтты
Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдан тарта "Манас" аэропортунда АКШнын аскердик базасы орун албай турганын дагы бир жолу билдирди. Ал мындай пикирин 11-декабрда Германияга болгон иш сапарынын алкагындагы маалымат-жыйын учурунда айтты. "Мен АКШнын аскердик базасы 2014-жылга чейин гана иштей турганын айткам. Биз сөзүбүзгө турабыз. Шаарга жакын жана жарандык аэропорттун аймагында аскердик базанын жайгашуусу кооптуу",- деди Алмазбек Атамбаев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















