Ат-Башы райондук электр тармактары жаңы трансформаторлорду орнотууда
Нарын электр тармактар ишканасы "КУЭТ" ААКтын капиталдык курулуштун эсебинен бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, буга чейин эскилиги жеткен 160 киловольт-ампер трансформаторлор айыл тургундарынын керектөөсү өскөндүгүнө байланыштуу, суук катуу жүргөн аймакта өз нормасынан 33 пайызга ашыкча жүктөм менен иштеп келген, эми кубаттуулугу жогору 250 киловольт-ампер трансформаторго алмаштырылууда.
Мындан тышкары Бирлик жана Өзгөрүш айылдарына кошумча 900 метр 10 киловольт жана 2 чакырым 0,4 киловольт аба чубалгыларын тартып, 10/0,4 киловольт 1 даана трансформатор орнотулуп,жалпы 11 чакырым электр чубалгылары тартылган.
"Бүгүнкү күндө Ат-Башы районуна бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштери аяктады.
Жасалып жаткан иштер калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















