Ысык-Көлдө "Тогуз булак" сел каналын куруу улантылууда
Чолпон-Ата шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы “Тогуз-Булак” сел агуучу каналынын 2-этабында 86 метр тилкесинде куруу иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка караганда, буга чейин белгиленген тилкенин курулушунун 80 пайызы аяктап, 285 метр узундугу бүткөрүлгөн. Ал эми калганын бетон плиталары менен бекемдөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле каналдан жөө адамдар өтүүчү 2 көпүрөнүн курулушу жана 1 унаа өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери каралган.
"Жалпысынан бул каналдын курулуш долбоору 3 этаптан туруп 1816 метр узундуктагы сел алып өтүүчү канал каралган. Аталган канал толугу менен курулуп бүткөндө Чолпон-Ата - Каракол негизги автоунаа жолунун 1чакырымы, 2 чакырым ички жол жана жалпы 100гө жакын турак жай, конок үйлөрү, соода түйүндөрү жана банктар корголмокчу", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















