Ош шаарында тогуз айдын жыйынтыгы чыгарылды (фото)
Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өтүп, анда 6 маселе каралды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, жыйынга калаа башчысы Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мэрдин орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде каралган маселелер:
- Ош шаарынын 2023-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун, саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө” программасынын аткарылышы жөнүндө;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Геопортал электрондук маалыматтык системасынын долбоорунун аткарылышы жөнүндө;
- Ош шаарынын эконмика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
- “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында, кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө.
Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынып, белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери милдеттендирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















