Мындан ары бала бакчаларда балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөйт
Эми бала бакчаларда балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Финансы министрлигинен билдирди."Ата-энелердин эсебинен каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусу боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча Финансы министрлиги маалымдайт: 11-августта кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда президенттин администрациясына жазылган Финансы министрлигинин каты тарап кеткен. Анда бала бакчаларда балдардын тамактануусуна ата-энелер гана акча бериши керек деп жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















