"Манас" эл аралык аэропорту Бишкек-Ченду каттамын ачат
"Манас" эл аралык аэропорту Бишкек-Ченду багыты боюнча жаңы каттамды ачууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 12-декабрда "МЭА" ААК Бишкек – Чэнду багыты боюнча жаңы каттамды ачууда. Учуулар кытайлык Loong Air авиакомпаниясынын учактары менен аткарылат.
"Учурда бул авиакомпания Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына каттамдарды аткарууда. Чэнду шаарына каттамдар жумасына эки жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү 12-декабрдан 30-мартка чейин аткарылмакчы", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















