Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 20 адам эвакуацияланды
Кечээ, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Өрттүн жалпы аянты 90 чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүүчүлөр үй ичинен 2 адамды куткарып чыгышып, 9, 10, кабаттагы батирлерден 20 адамды эвакуациялашкан. Куткарылган 2 жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилип, абалдары туруктуу.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылган. Ал эми саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлгөн. Жалын толугу менен саат 13:20да өчүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















