Бишкекте таштандыдан табылган ымыркай: Шектүү 2024-жылга чейин камакта калды
Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалган жаран 2024-жылдын 11-январына чейин камакта калды. Бул тууралуу Октябрь райондук соту кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-ноябрда ымыркайын таштандыга ыргыткан кыздын баш коргоо чарасы сотто каралып, сот аны 11-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал СИЗО-1ге киргизилди.
9-ноябрда Бишкектеги таштанды челектен баштыкка салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Алгач аны пакистандык жарандар байкап, кийин милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Ымыркай №1 төрөт үйүнө которулган, абалы туруктуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















