Казакстан менен чек арадагы "Чалдыбар-автожол" өткөрүү пункту убактылуу жабылды
"Чалдыбар-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, чектөө бүгүн, 20-ноябрда саат 09:00дөн 11:00гө чейин Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун жаңылануусуна байланыштуу күчүндө.
“Чалдыбар-автожол” өткөрүү пункту кыргыз-казак чек арасында жайгашкан жана эл аралык болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















