super.kg logo

Блогер Эртай Искаков менен Селекциянын эки тургунуна карата сот өкүмү чыкты

 

Бүгүн, 20-ноябрда Сокулук райондук соту Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айып пул салынды, ал эми аталган айылдын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.

Сот үч шектүүнү тең Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" (Хулиганство) беренеси боюнча актады, ал эми "Жолдорду мыйзамсыз тосуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Эртай Искаков соттун чечимине макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

Буга чейин прокурор Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, 14-июлда Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Кийин нааразылык акциясына катышкан бир нече киши суракка чакырылган.

15-июлда митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков жана Селекция айылынын эки тургуну жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.

Сокулук райондук соту 17-июлда алардын бөгөт чарасын карап, үчөөнү тең эки айга №1 тергөө абагына камакка алган. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.






Видео: Эртай Искаков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: