Кара-Көлдө ойноп жүргөн жеринен дайынсыз жоголгон үч бала Оштон табылды
Кара-Көл шаарында көчөдө ойноп жүргөн жеринен дайынсыз жоголгон үч бала Оштон табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Дайынсыз болуп жаткан балдар кечээ, 21-ноябрда табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Алар кандай себеп менен Ошко барып калышканы айтылган жок.
2010-жылы туулган Нурислам Мураталиев, Замирбек Мамбетов жана 2012-жылы туулган Нурмуханбет Мураталиев 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголуп, изделип жатышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















