200 миң доллар пара алууга шектелген Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси эки айга камалды
200 миң доллар пара алып жатканда кармалды делген президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т. эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдирди.Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасы 25-ноябрда Баткен райондук сотунда каралып, 2024-жылдын 21-январына чейин камакка алуу чечими чыккан.
Белгилей кетсек, УКМК аткаминердин кеңешчиси 23-ноябрда көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















