Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү
21-26-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.
"Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн:
Демаркация - мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө, атайын чек ара белгилерин коюу.
.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















