Икрамов шайлоого катышпагандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды
Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.Мыйзам долбоору бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралмак. Ал документти оңдоп-түзөп, кайрадан иштеп чыгарын айтты. Мындан улам мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.
Мыйзам долбоору 13-июлда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган. Анда шайлоого катышпагандарга 5 миң сом айып пул салуу сунушталган.
21-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















