Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады (видео)
Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, унаа жолдун 452-чакырымында Ford Mondeo жана Toyota Mark X унаалары кагышып, өрт чыккан. Кырсыктан үч адам жабыркап, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда алардын өздүгү такталууда.
Окуя 30-ноябрда катталган. Жерине куткаруучулар жана бир күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 19:10до толук өчүрүлгөн.
Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















