Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы макулдашылды
29-ноябрдан 5-декабрга чейин Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстан делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымы боюнча макулдашты.
"Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды макулдашуу боюнча ишти улантат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















